<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Em</key>
<title>Эң сонун биз бирге сыр чечишип</title>
<lyrics>[V1]
.    Em                    Am
 Эң сонун биз бирге сыр чечишип,
.    H7               Em
 Теңирди чогулуп даңктасак.
.                         Am
 Кайгыны чөкпөстөн жеңип өтүп,
.    H7             Em
 Үмүткө таянып жашасак.

[C1]
.       Am       H7        Em
   Эң сонун, жүрөгүң таза болсо,
.       Am                 H7
   Эң сонун, жаман ой болбосо.
.       Em                   Am
   Эң сонун, чынында не бир сонун,
.       H7              Em
   Жүрөккө бейкуттук орносо.

[V2]
 Эң сонун, жан дилиң, ой, санааңды
 Бүт бойдон Ыйсага тапшырсаң.
 Эң сонун майданда тайманбастан,
 Ырыңда айткандай жашасаң.

[V3]
 Эң сонун, өмүрдүн бороонунда
 Жан дүйнөң эрксизден термелсе.
 Басчу жол тикендүү, татаал болуп,
 Өмүрүң коогалуу сезилсе.

[V4]
 Эң сонун, Ыйса менен ар качан,
 Ал сенин жүгүңдү көтөрөт.
 Эң сонун, жүрөктү Ага ачсаң,
 Ал - Досуң, бардыгын түшүнөт.

[V5]
 Эң сонун! Кудайда бактылуубуз!
 Ал бизди эч качан калтырбайт.
 Өмүрдүн тикендүү, тар жолунда
 Кадамың ар дайым алгалайт!</lyrics>
</song>